ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын “Кудайберген” базарынын аймагындагы эскирген жана мыйзамсыз орнотулган тышкы жарнамалардын 24 бирдиги алынып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти тарабынан “Кудайберген” базарынын аймагындагы эскирген жана мыйзамсыз орнотулган тышкы жарнамалардын 24 бирдиги алынып салынды.

 
Өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө 13 штендер, 7 керме жана 4 кронштейн алынып салынды.
 
Рейд шаардын Биринчи май райондук администрациясы жана “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен биргеликте, “КР Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамына, “ Бишкектин көркөм-эстетикалык келбетин жакшыртуу чаралары жөнүндө” шаар мэриясынын токтомуна ылайык жүргүзүлдү.