ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын борбордук аянтында Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү

Салтанаттуу иш-чараларды шаар Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов ачып, куттуктоо сөзүндө: “Шаарыбыздын басып өткөн жолу сыймыктуу да, кызыктуу да. Чындыгында Бишкек шаары биз жеткен эркиндиктин “ алтын бешиги” болуп саналат. Анткени демократиянын бүчүрү биздин Бишкегибизден ачылган. Шаар Кыргызстандын коомдук-саясый турмушунун борбору. Бишкек эки революциянын  коогалаңын башынан кечирди. Ошого карабастан, биз өнүгүүнүн жана туруктуулуктун жолунда ишенимдүү кадам жасап жатабыз.

 
Бүгүн биз үчүн шаар тургундарынын коопсуздугун, өз ара ынтымагын жана бир туугандык мамилелерин бекемдөө ыйык милдетибиз болуп эсептелет.
 
Биз учурда шаарыбызды өнүктүрүү боюнча эки багытта иштеп жатабыз. Биринчиси – шаарды көрктөндүрүү, тазалыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу, ал эми экинчиси – шаарыбыздын маданий чөйрөсүн өнүктүрүү. Биринчи багыттын негизги максаты – шаардын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жогорку деңгээлге жеткирүү. Бүгүнкү күндө шаарыбыздын жолдорун, тротуарларын оңдоп, калыбына келтирүү, чакан эс алуу борборлорун уюштуруу боюнча көлөмдүү иштер жүрүп жатат. Өзүңүздөр байкасаңыздар шаарыбыз кечкисин жарык болуп, сулуулукка бөлөнө баштады, учрда шаарды жарыктандыруу багытында да иш-чаралар кызуу жүргүзүлүүдө. Шаардагы ирээтсиз жайгашкан соода түйүндөрү тартипке келтирилип, аларга чыгыш колоритин берүүгө аракет кылуудабыз.
Албетте, шаар инфраструктурасында көп көйгөйлүү маселелер бар. Биз, ал көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз жана чечебиз.
Шаарыбыздын жетишкен баардык ийгиликтери анын тургундарынын үзүрлүү эмгеги менен кошкон салымынын натыйжасы.
 
Биз өз шаарыбызды барктайбыз жана аны менен сыймыктанабыз, жакшылык менен ийгиликтердин, биримдиктин символу болооруна терең ишенебиз”,-деди.
 
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин куттуктоосун президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарынбаев окуду.
 
Майрамдык салтанатты эстрада жылдыздары, чыгармачылык жамааттар, балдар чыгармачылык, ыр-бий топтору улантты.