ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы Иса Өмүркуловдун атына Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракеси менен куттуктоолор келип түшүүдө

Урматтуу Иса Шейшенкулович!

 
Көп улуттуу Кыргыз Республикабыз көз карандысыздыкка ээ болгон жылдардан бери Бишкек шаары жүрөк толкуткан кубанычтуу күндөрдү өткөрүп келет. Жакшылыкка жар болуп, оор күндөрдү сабырдуулук, акыл менен жеңип, карт тарыхта зор орунду камтыган Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракеси менен Жалал-Абад областынын элинин жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктаймын. 
 
Талыкпаган эмгектин акыбети кайтып, Бишкектин көркүнө көрк кошулуп, күндөн-күнгө жашарып, кооз шаарга айланып бараткандыгына баарыбыз күбө болуудабыз.
 
Бай тарыхты камтыган шаардын кайталангыс архитектуралык көрүнүшү борбор калаанын тургундарын жана анын меймандарын ар дайым суктантып келет.
 
Ушул кубанычтуу күндөрдө Бишкек шаарынын бардык жашоочуларына чың ден-соолук, ийгиликтерди, кубанычтуу күндөрдү каалап кетмекчимин.
 
Мамлекеттик жооптуу ишиңизди ар дайым ийгиликтер коштоп, дайыма сый урматта болуңуз
 
Дагы бир ирет майрамыңыздар менен куттуктап, Сизге жана жалпы шаар тургундарына бекем ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт таалай, берекелүү бакубат турмуш каалаймын.
 
 
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Жалал-Абад
областындагы ыйгарым
укуктуу өкүлү                                                                     Ж. Торомаматов