ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук Ыйгарымдуу Элчиси менен жолугушту

Жолугушуу жемиштүү өттү. Тараптар Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүү заводун куруу жөнүндө пикир алмашты.

 
Шаар башчысы Иса Өмүркулов, бул багытта Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын эл аралык институту менен келишимдер бар экендигин белгиледи. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ратификациялануунун алдында турат. Аталган долбоордун алкагында ЕӨРБ 22 млн евро бөлүштүрөт, анын 11 миллиону грант түрүндө берилмекчи.
 
Ошого карабастан, шаарыбызда таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча биз башка компаниялар менен да сүйлөшүүлөргө даярбыз деди шаар башчысы.