ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн, 23-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили күнү белгиленди

    

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, шаардык райадминистрациялардын өкүлдөрү, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият кызматкерлери жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
 
Шаардык коомчулукту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов мамлекеттик тил майрамы менен куттуктап: “Эзелтеден эле акылман ата-бабаларыбыз, бардык өнөрдөн сөз өнөрү артык деп айтып келген. Урпактарын орчундуу, маанилүү сүйлөөгө үйрөтүшкөн. Эл ичинде төбөсү көрүнүп баш көтөргөндөр барк, сөз билгендер нарк күтүшкөн. Демек, байыртадан эле элибиз өз эне тилин кастарлап, кадырлап сыйлап келишкен.Коомубуздун бүгүнкү турмушунда экономиканы көтөрүү, саясий туруктуулукту камсыз кылуу, калкыбызды иш орундары менен камсыздоо сыяктуу орчундуу маселелердин катарында өлкөбүздө мамлекеттик тил статусуна ээ болгон – эне тилибиз, кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси да турат. Ушул багытта Бишкек шаарынын мэриясы, шаардык кеңеши тарабынан алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө”,-деди шаар башчысы.
 
Ошону менен бирге шаардык мекеме-уюмдарда өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыктары чыгарылып, жеңишке жетишкендерге баалуу сыйлыктар тапшырылды.
 
Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.
 
Фото баяндама