ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Алдыдагы дем алыш күндөрү баш калаада майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт

21-сентябрда шаар мэриясы  “Балдардын чыгармачылыгы” фестивалын өткөрөт. Иш-чара Бишкек шаарынын 135 жылдыгына арналат.

 
Майрамдык иш-чаранын алкагында 800дөн ашык мектеп окуучулары “Пишпек-Фрунзе-Бишкек” деген аталыштагы көргөзмөгө катышат, көргөзмө М.В.Фрунзе музейинде өткөрүлөт.
 
Фестиваль жаштарды Кыргызстандын көп улуттуу маданиятын сактоого, өнүктүрүүгө чакырат. Фестивалдын жүрүшүндө ар кандай багытта сүрөт тартуу, чеберчиликке үйрөтүү, шахмат боюнча мелдештер, “Флористика” гүлдөр конкурсу өткөрүлөт.
 
Баш калаанын мааракесине карата шаардын билим берүү мекемелеринде белгилүү адамдар менен жолугушуулар, “Кыргызстандын тарыхы”, “Кыргыздардын каада-салттары”, “Белгилүү адамдардын турмушу жана эмгек жолу”, “Мен шаардыкмын” темаларында класстык-тарбия сааттары өткөрүлөт.