ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн шаар башчысы Иса Өмүркулов Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагери Никонова Анна Дмитриевнаны 90 жаш кутман курагы менен куттуктады

Никонова Анна Дмитриевна Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу, 18 жаш кырчын курагында өз ыктыяры менен фронтко аттанган. 1943-жылдан баштап, согуштун аягына чейин кан майданда кызмат өтөдү. Күжүрмөн жоокерлерди ажалдан арачалап, алар менен бирге жеңиш үчүн күрөштү. Улуу Жеңиш күнүн Мешкольт, Будапешт шаарларында тосту. Согуш аяктагандан кийин 1960-жылдарга чейин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын катарында кызмат өтөдү.

 
Кечээ Анна Дмитриевна 90 жашка чыкты.
 
Шаар башчысы Иса Өмүркулов ардагерди туулган күнү менен куттуктап, белекке эки камералуу муздаткыч тартуулады. Баарлашуу жагымдуу маанайда өттү.
 
“Согуш ардагерлеринин катары күн санап азайып барат. Бүгүн шаарыбызда 530 Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери жашайт. Сиздерге окшогон адамдарды биз эч качан унутта калтырбайбыз. Сизди мааракеңиз менен куттуктоо биз үчүн чоң сыймык”,- деди шаар башчысы.