Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан баштап баш калаада айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 16.09.2013 11:37
Шаар тургундарын арзан баадагы айыл чарба продукциялары менен камсыз кылуу максатында,үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрынан баштап баш калаада айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өткөрүлөрүн Бишкек шаарынын мэриясы маалымдайт.
Жарманкелер жума сайын ишемби жана жекшемби күндөрү саат 8-00дон баштап, шаардын үч жеринде өткөрүлөт:
- Ибраимов көчөсүндө – Жумабек көчөсүнүн кесилиши;
- Нуркамал көчөсүндө – 12- кичи району;
- Тыналиев көчөсүндө – “Жал” кичи району.
Иш-чаранын уюштуруучулары шаардыктарды жана шаар тургундарын айыл чарба продукцияларынын жарманкесине чакырат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
23.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |