ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Курулуш иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу 17-сентябрда шаардын айрым районундарына таза суу берүү убактылуу токтотулат

Баш калаанын 7-кичи районундагы Д-500 мм суу берүү түйүнүндө курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу, 17-сентябрда саат 8-00дон 21-00го чейин: Юнусалиев көчөсү боюнча Койбагаров көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки, Горький көчөсү боюнча Юнусалиев көчөсүнөн Элебаев көчөсүнө чейинки турак жайларга, №№ 3, 4, 5, 6, 7, 8- кичи райондорго, “Орто-Сай” соода комплексине, “Бета-Сторес-2” соода түйүнүнө, №№ 3, 17, 20, 64, 34-орто мектептерге, №26-мектеп-гимназиясына, еврей мектебине, №№ 123, 126, 127, 134, 133, 109, 104, 71, 138, 135, 174, 142, 10-бала бакчаларына, “Келечек” мектебине, №1-шаардык балдардын кургак учукка каршы ооруканасына, №6, 19- ҮДБна, №5 шаардык стоматологиялык поликлиникасына, “Космопарк” соода борборуна, №4, 5-төрөт үйлөрүнө, наркология борборуна жана башка социалдык маданий объектилерге убактылуу таза суу берүү токтотулат.

 
Ошого байланыштуу “Бишкексууканал” башкармалыгы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана таза суунун керектүү өлчөмүн алдын ала камсыздап алууну эскертет.