ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык кызматы шаарды көрктөндүрүү эрежелерин кезектеги бузууларды аныктады

Свердлов району боюнча өткөрүлгөн кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, Жумабек көчөсү, 117 дарегинде жайгашкан «ADS» групп Корпорэйшн ЖЧКда шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин жана санитардык ченемдердин бузулушу аныкталды.

 

Аталган ишкананын айланасы антисанитардык абалда кармалып, кургак таштандылар баш аламандыкта жыйналат. Экологиялык экспертиза жок, канализациялык темир капкактар коюлган эмес. Ишкананын ашканасынан иштетилген суюктук талапка жооп бербеген пластикалык түтүкчөлөр аркылуу агызылат. Суу түтүктөрү оңдолуп, тиешелүү көзөмөлгө алынбагандыктан, имараттын түндүк тарабынан орун алган суу түтүгү жарылган.
 
Рейддин жыйынтыгы менен ишкананын жетекчиси Б.Токтоназаровдун атына КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелерине ылайык протокол толтурулуп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.