ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык кызматы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

Шаардын Биринчимай району боюнча өткөрүлгөн кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, Дэн Сяопин проспекти, 465 дарегинде жайгашкан “Данияр” Техникалык тейлөө станциясынын, ошондой эле Дэн Сяопин проспекти, 191 дарегинде жайгашкан тигүү цехинин аймагы антисанитардык абалда кармалып, курулуш таштандылары, керектен чыккан дөңгөлөктөр баш аламандыкта жыйналат. Аталган ишканалар “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен кургак таштандыларды чыгаруу боюнча 2013-жылга келишим түзүшкөн эмес.

 
Рейддин жыйынтыгы менен СЭИ кызматы тарабынан “Данияр” ТТСнин ээси Г.Кайчибекованын жана тигүү цехинин ээси Т.Сулайманованын атына протокол толтурулуп, Биринчимай райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.