ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

XIII Эл аралык Ысык-Көл-2013 оюндарында Бишкек шаарынын спортчулары 256 медаль жеңип алышты

Аймактык командалардын арасында, Бишкек шаарынын командасы 256 медаль жеңип алуу менен, биринчи орунду камсыз кылды. Экинчи орунду 61 медаль менен Чүй, үчүнчү орунду 57 медаль менен Ысык-Көл облусунун командалары ээлешти.

 

Эл аралык оюндарда медалдардын 200 комплекти ойнотулду.
 
Жалпы командалык мелдеште кыргызстандыктар 458 медаль менен биринчи орунду, казахстандыктар 68 медаль менен экинчи орунду, россиялыктар 35 медаль менен үчүнчү орунду камсыздашты.
 
Ысык-Көл Эл аралык оюндарын эл аралык жана улуттук категориядагы 136 калыстар тобу тейледи.
 
XIII Эл аралык Ысык-Көл-2013 оюндары “Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” деген ураандын астында 4-сентябрдан 12-сентябрга чейин “Көгүлтүр Ысык-Көл” жана “Каприз” пансионаттарында, спорттун 18 түрү боюнча өткөрүлдү.