ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдуулар тапшырылды

11-сентябрда  “Бишкек шаарынын студенттерин медициналык жактан тейлөөнү жакшыртуу долбоорунун” алкагында баш калаанын студенттер поликлиникасына жаңы медициналык жабдууларды тапшыруу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаментинен билдиришти.
 
Иш-чарага Бишкек мэриясынын Саламаттык сактоо департаментинин директору А.Мурзалиев, Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү А.Джураев, Япониянын Кыргызстандагы Толук Ыйгарым укуктуу Элчиси Такаюки Коикэ, ЖОЖдун ректорлору жана шаардык медицина мекемелеринин жетекчилери катышты.
 
Өз сөзүндө, Саламаттык сактоо департаментинин директору А.Мурзалиев: “Жаштар биздин келечегибиз, алардын ден-соолугун сактоо маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Бүгүнкү өткөрүлүп жаткан иш-чара, бул багыттагы мындан аркы иштерибизге жакшы өбөлгө түзөт деген ишенимдебиз. Япония өлкөсүнүн Өкмөтүнө терең ыраазычылык билдирем”,- деди.
 
Жалпы суммасы 4 млн. 280 мин. 50 сомду түзгөн медициналык жабдуулар Япония Өкмөтүнүн гранттык программасынын алкагында берилгендигин эске сала кетебиз.