ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын Санитардык-экологиялык кызматы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

Шаардын Октябрь району боюнча өткөрүлгөн кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, Асанбай кичи району, Токомбаев көчөсү, 23 дарегинде жайгашкан “Елизавета” ЖЧКнун курулуш компаниясынын айланасы антисанитардык абалда кармалып, курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйналары жана шаарды көрктөндүрүүнүн, санитардык ченемдердин талаптарын одоно бузуулар орун алгандыгы аныкталды.

 
Курулуш мекемеси тарабынан 2013-жылга кургак таштандыларды чыгаруу боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен келишим түзүлгөн эмес.
 
Рейддин жыйынтыгы менен “Елизавета” курулуш компаниясынын директору Т.Мырзакулованын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол толтурулуп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.