ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте акыркы төрт күндө тышкы жарыктандыруунун үчүнчү кутучасына кол салынды

Бүгүн түнү шаардын 5-кичирайонунда, белгисиз адамдар тарабынан, тышкы жарыктандыруунун кутучасы сындырылып ачылган фактысы катталды жана тышкы жарыктандыруунун аралыкта башкаруу боюнча магниттик панели уурдалгандыгы аныкталды. Келтирилген чыгымдын өлчөмү 3,5 миң сомду түзөт.

 

Ошого байланыштуу тышкы жарыктандыруу каражаттарын кайрадан калыбына келтиргенге чейин, 5-кичирайонуна убактылуу жарык берилбейт.
 
Акыркы төрт күндүн ичинде, Бишкекте тышкы жарыктандыруунун үчүнчү кутучасына кол салынгандыгын эске салабыз.