ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

2013-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында жумушсуздар, студенттер, ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү үчүн “Кызматтык бош орундардын жана кесиптердин жарманкеси” өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгы 2013-жылдын 16-сентябрында саат 10-00до, Абдрахманов көчөсү, 208 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында жумушсуздар, студенттер, ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрү үчүн “Кызматтык бош орундардын жана кесиптердин жарманкесин” өткөрөт.

 

Иш-чарага Бишкек шаарынын 30дан ашык мекеме-ишканалары, 18 кесиптик лицейлери катышат. Алардын арасында “Народный” ЖЧК, “Кока-Кола Бишкек” ЖАК, “Евростиль” ЖЧК, “Жаннат” Отели сыяктуу ири ишканалар бар. Алар жумушсуздарга кесиптердин кеңири тизмесин сунуш кылышат.
 
Жарманкеде шаардын мекеме-ишканаларынын 4 миңден ашык жумушчу орундары кароого коюлат.
 
Шаар тургундары Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын эмгек, кесиптик даярдоо маселелери менен тааныша алышат. Ал эми ишке орноштуруу борбору Түштүк Кореяга, Бириккен Араб Эмираттарына, Россия Федерациясына ишке орношуу боюнча кеңештерди берет.
 
Баардык суроолор боюнча 64-17-60, 64-17-70 телефондору аркылуу маалымат алууга болот.