ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Бишкек шаарынын 135 жылдыгы кеңири белгиленет

Бишкек шаарынын 135 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча комплекстүү программага маданий-массалык, спорттук, шаарды көрктөндүрүү жана майрамга карата жасалгалоо иш-чаралары киргизилген.

 

Ошондой эле майрамга карата базарлардагы соода-сатык иштерин тартипке келтирүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлмөкчү.
 
Майрамдык иш-чаралар шаардын Ата-Түрк, Панфилов, Фучик сейил бактарында, Каражыгач багында өткөрүлөт. Кеңири программадагы концерт, спорттук мелдештер, конкурстар уюштурулат. Ал эми жаңы конуштарда массалык майрамдоолор уюштурулат.
 
Андан тышкары, баш калаада “Мен бийчимин-2013” эл аралык фестивалы, “Боектор фестивалы”, Тамашоу боюнча мэрдин кубогу, “Флористка” гүлдөр фестивалы, аба фигураларынын, балдар чыгармачылыгынын фестивалдары өткөрүлөт.
 
Шаардын музейлеринде, китепканаларында, музыкалык мектептеринде тематикалык көргөзмөлөрдү, кечелерди өткөрүү белгиленүүдө.