ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада ШКУнун Саммити өткөн күндөрү коопсуздукту сактоо чаралары күчөтүлөт

Бишкекте ШКУнун Саммити өткөн күндөрү коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылуу максатында, Бишкек шаарынын мэриясынын токтомуна ылайык шаардык кызматтардын ишмердигин жөнгө салуу боюнча ыкчам штаб түзүлөт.

 

Ыкчам чечүүнү талап кылган маселелерди чечүү максатында 2013-жылдын 10-сентябрынан 14-сентябрына чейин шаардык кызматтардын жетекчилеринин күнү-түнү иштөөчү нөөмөтү уюштурулат.
 
Шаар боюнча коомдук жайларда, ишкана-мекемелерде, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде, мамлекеттик имараттарда, стратегиялык объекттерде коопсуздукту сактоо боюнча иш-чаралар иштелип чыкты.
 
Саммит өткөн күндөрү Бишкек шаарынын өрт коопсуздугу башкармалыгынын өздүк курамынын кызматы да күчөтүлгөн тартипке коюлат.