ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Август айында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан мыйзамсыз курулган 10 объект бузулду

Үстүбүздөгү жылдын август айында Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан  мыйзамсыз курулган 10 объект бузулду. Алардын ичинде: чарба курулуштары, дарбазалар, тосмолор, павильондор, пайдубалдар, турак үйдүн жарымы бар.

 
2013-жылдын 1-январынан 31-августуна чейин Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан 702 жазуу жүзүндөгү эскертүүлөр берилген. Анын 430у аткарылып, 134 объект бузулду.
 
Мыйзамсыз курулган объекттерди бузуу иштери:
Месароша 74, Артемовская 73, “Арча-Бешик” конушу, Бердибаев көчөсү, Абай жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши, Алты Түтүн 32, Сакалдуу 10, “Жеңиш” конушу, №83-тилке, Кулатов 78, Баялинов 185, Республика 69 көчөлөрүндө жүргүзүлдү.