ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

XIII Ыссык-Көл эл аралык спортоюндарына Бишкек шаарынан 400 спортчу катышат

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрында “Каприз” эс алуу борборунда XIII Ыссык-Көл эл аралык спортоюндарынын салтанаттуу ачылышы болду.

 
Салтанаттын катышуучуларын КР Өкмөтүнүн алдындагы дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору М.Саралинов, КР ЖК вице-спикери Ч.Султанбекова куттукташты.
 
XIII Ыссык-Көл эл аралык спортоюндары “Азия – кызматташтыктын жана тынчтыктын аймагы” деген ураандын алдында өтүүдө.
 
Спорттук мелдештерге Казахстан, Россия жана Кыргызстандан 2 миңден ашуун спортчулар катышууда.
 
Ал эми Бишкек шаарынын намысын мелдештерде 400 спортчу коргойт.
 
Спорттук мелдештердин программасына: волейбол, жеңил атлетика, кичи-футбол, стол үстүндөгү теннис, сууда сүзүү, пауэрлифтинг, пляж күрөшү, аркан тартыш, армрестлинг, стритбол, пляж футболу ж.б. спорттун түрлөрү кирди.
 
Мелдештер 12-сентябрда аяктайт.