ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы Иса Өмүркулов Кыргыз Республикасындагы Америкалык Соода Палатасынын Ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Жолугушууга Америкалык Соода Палатасынын директору Алмаз Дүйшөмбиев жана америкалык ишкерлер катышты.

 
Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын өнүгүшү үчүн ар кандай тармактарга инвестицияларды тартуу маселелери каралды. Шаар башчысы Бишкекте жол тармактарын жана коммуникациялык инфраструктураны, эскирген имараттарды оңдоого, шаарды тышкы жарыктандыруу менен камсыздоого, эс алуу парктарын, аттракциондорду өнүктүрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча өз сунуштарын айтты.
 
Иса Өмүркулов, учурда Бишкек шаарынын мэриясы шаар калкын суу менен камсыз кылуу багытында ЕӨРБнын эки ири долбоору менен иштеп жаткандыгын белгиледи.
 
Өз кезегинде делегациянын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын администрациясы менен тыгыз кызматташууну өнүктүрүп, Калифорния штатынын бир шаары менен достук мамилелерди түзүү ишенимин билдиришти.