ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кезектеги рейддин жүрүшүндө шаар боюнча мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 37 бирдиги алынып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти райондук администрациялар менен биргеликте Чүй проспекти боюнча кезектеги рейдди өткөрдү.Рейддин жүрүшүндө шаар боюнча мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 37 бирдиги алынып салынды. Алардын ичинде:

 
12 штендер;
17 кермелер;
6 панно;
2 такта бар.
 
Рейд “КР Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардын көркөм-эстетикалык абалын жакшыртуу чаралары жөнүндө” токтомунун негизинде өткөрүлдү.