ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы “Ала-Тоо” конушунун тургундары менен жолукту

“Ала-Тоо” конушундагы № 82-орто мектепте салтанаттуу жыйын аяктаган соң, шаар башчысы Иса Өмүркулов жергиликтүү тургундар менен жолукту.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө жолдорлу оңдоо, канализация куруу, электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртуу, тышкы жарыктандырууну орнотуу маселелери талкууланды.

 

Шаар башчысы, 2014-жылы “Ала-Тоо” конушунун Ала-Тоо борбордук көчөсүндө жаңы жолдун курулушу башталарын белгиледи.
 
Жолдун узундугу 2,6 км түзөт жана сугаруу тармагы, тротуарлар салынат.