ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев жана Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов №82-орто мектепте өткөн салтанаттуу жыйынга катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев жана Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов “Ала-Тоо” конушундагы №82-орто мектепте өткөн салтанаттуу жыйынга катышты.

 
Салтанаттуу жыйынды шаар башчысы ачты.
 
“Жаңы окуу жылын, Билим майрамын салтанаттуу белгилөө менен ачуу салтка айланып калды. Бүгүнкү күн окуучулар, ата-энелер жана мугалидер үчүн эстен чыккыс күндөрдүн бири. Быйылкы жаңы окуу жылында мектептерибиздин босогосун 15 миң окуучу алгачкы жолу атташат”,- деди И.Өмүркулов.
 
Шаар башчысы салтанаттын катышуучуларын жаңы окуу жылы, Эгемендүүлүктүн 22 жылдык майрамы менен куттуктап, сөздү Кыргыз Республикасынын Президентине берди.
 
Өз сөзүндө, мамлекет башчысы шаардын №82-мектебине келишин бекеринен эместигин белгилеп: “ №82-мектеп - мен үчүн өзүм окуган мектебимдей болуп калды. Келерки окуу жылында бул мектепке дагы келем, анткени сиздерге карыз болуп турабыз, ал – жаңы мектептин курулушун баштоо. Жаңы мектептин имараты Казахстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаев бөлүштүргөн каражатка курулмакчы. Айрым себептерге байланыштуу мектептин курулушу токтоп турат. Эгерде финансы каражаттары келип түшсө курулушту өз күчүбүз менен аяктайбыз”,- деди.
 
Жалпы эле билим берүү секторуна республикалык бюджеттин 20% бөлүштүрүлөт.
 
Жыйындын салтанаттуу бөлүгүнөн кийин концерт берилди жана КР Президенти А.Атамбаев “Ала-Тоо” конушунун тургундары менен жолукту.
 
Мамлекет башчысы №82-мектептин окуучуларын Билим майрамы менен куттуктап, 100 миң сом өлчөмүндөгү интерактивдүү такта, окуу китептерин  белекке берди.