ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кыргыз Республикасынын Президенти жана шаар башчысы “Ала-Тоо” конушундагы мектепте болушту

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев жана шаар башчысы И.Өмүркулов Ленин районунун “Ала-Тоо” конушундагы №82-мектепте болушту.

 
“Ала-Тоо” жаңы конушу 1989-жылы негизделген. Жаңы конушта 13 миң адам жашайт. Мектеп, бала бакча, ФАП иштейт. 15 км аралыкка суу түтүктөрү орнотулган, 72 үйгө газ киргизилген.
 
№82-орто мектеп 1996-жылы ачылган. 350 окуучулук орунга эсептелген мектепте окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Мектептин жалпы аянты 3006 чарчы метрди түзөт.
 
2012-жылы окуучулардын тамактануу маселесин чечүү жана мектепти кеңейтүү максатында кошумча имараттар курулган. Кошумча имараттар 4 класстык кабинеттен турат жана 120 окуучулук орунга эсептелген. Кошумча имараттын аянты 363 чарчы метр.
 
Бүгүнкү күндө 450 окуучулук орунга эсептелген мектепте 1238 окуучу окушууда.
 
Учурда “Ала-Тоо” жаңы конушу жаңы мектепке муктаж. 1993-жылы жаңы мектептин пайдубалы түптөлүп, каржылоо маселесине байланыштуу курулуш иштери токтотулган.