ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Кезектеги рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган тышкы жарнамалардын 39 бирдиги алынып салынды

Кезектеги рейддин жүрүшүндө, Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти тарабынан, мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 39 бирдиги алынып салынды.

 

Рейд Чүй жана Жибек Жолу проспекттеринде жүргүзүлдү.
 
Рейддин жүрүшүндө 6 штендер, 20 керме, 13 панно алынып салынды.
 
Рейд райондук администрациялар, Ички иштер кызматтары менен биргеликте, КР “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардын көркөм-эстетикалык көрүнүш чараларын жакшыртуу жөнүндө” токтомунун негизинде жүргүзүлдү.