ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматы Свердлов районунун аймагында шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын бузууларды аныктады

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө СЭИ кызматыСвердлов районунун аймагында шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарын бузууларды аныктады.

 

Чүй проспектинде жайгашкан №26-үйдүн жер төлөсү тазаланып, жыйналган таштандылар жашыл газондорго баш аламандыкта ташталган. Үйдүн жер төлөсү тургундардын өтүнүчү менен “Дасторкон” дүкөнүнүн жетекчилиги тарабынан тазаланган. Эскертүү берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин дүкөндүн жетекчилиги кемчиликтерди четтетти.
 
Мындан тышкары, Бөкөнбаев көчөсү, 61 дарегинде жайгашкан “Хорошевск” дүкөнүнүн, Москва көчөсү, 78 дарегиндеги “Любимый” сулуулук салонунун, “Котова” кийим оңдоо жеке ишканасынын айланасы антисанитардык абалда кармалат, таштандылар баш аламандыкта жыйылат. “Котова” ишканасынын кургак таштандыларды чыгаруу боюнча 2013-жылга “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен түзүлгөн келишими жок.
 
Рейддин жыйынтыгы менен аталган ишканалардын жетекчиликтеринин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренеси боюнча протоколдор толтурулуп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.