ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

31-августта шаардын эски аянтында спорттук иш-чаралар өткөрүлөт

31-августта, шаардын эски аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн майрамдоо иш-чараларынын алкагында саат 10-00дон 13-00го чейин спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.

 

Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитети тарабынан спортчулардын чеберчилигин көрсөтүү жана спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.
 
Спорттук иш-чаралар шаардыктарды дене-тарбиясына тартуу жана спортту пропагандалоо максатында өткөрүлмөкчү.
 
Спорттук программага көркөм гимнастика, акробатика, оор атлетика, таэквон-до, будо-каратэ, ушу, дзю-до, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча мелдештер киргизилген.
 
Ошону менен бирге ордо, шахмат, тогуз коргоол, армреслинг, стол үстүндөгү теннис, стрибол, аркан тартыш боюнча шаардын биринчилиги өткөрүлөт.