ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

26 августтан баштап шаардык билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык 26-августтан баштап шаардык билим берүү мекемелеринин жаңы 2013-2014-окуу жылына даярдыгы текшерилүүдө.

 

Атайын түзүлгөн комиссиянын курамына: Бишкек шаарынын мэриясынын адистери, шаардык кеңештин депутаттары, райондук администрация башчыларынын орун басарлары, Билим берүү башкармалыгынын жана башка шаардык кызматтардын өкүлдөрү киришти.
 
Билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы атайын түзүлгөн эскерткичке ылайык текшерилүүдө. Анда жүргүзүлгөн капиталдык жана жеңил оңдоолордун сапаты, педагогикалык кадрлар менен камсыздалышы, окуучуларды каттоонун жүргүзүлүшү, окуу куралдары менен камсыздалышы, мектеп ашканаларынын абалы, мектеп айланасын көрктөндүрүү ж.б. маселелер каралган.
 
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын баардык билим берүү мекемелеринде актап, сырдоо иштери жүргүзүлдү.
 
Ыкчам текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча шаардын 93 мектеби жаңы окуу жылына толук даяр, ал эми №25-мектепке капиталдык оңдоо талап кылынат.
 
Шаардын мектептерин капиталдык жана жеңил оңдоолордон өткөрүүгө ар түрлүү булактардан 80,5 миң сом бөлүнгөн.
 
Жаңы окуу жылында шаардын мектептеринде 110 миң окуучу билим алышат.