ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек Эгемендүүлүк майрамына даярданууда

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 22 жылдыгын белгилөө боюнча иш-чаралардын алкагында, шаарды тазалоо, көрктөндүрүү, жасалгалоо иштери кызуу жүрүүдө.

 

Шаардын борбордук көчөлөрү, имараттар, “Аска-Таш” комплекси майрамдык аземде жасалгаланууда.
 
Райондордун, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын арасында маданий-массалык иш-чаралардын кароо-сынактары, конкурстары өткөрүлөт.
 
31-августта “Ата-түрк”, “Панфилов”, “Кара жыгач”, “Фучик” сейил бактарында майрамдык концерттер, улуттук оюндар боюнча мелдештер өткөрүлөт.
 
Баш калаанын музейлеринде, китепканаларында “Кыргызстан – кече, бүгүн, эртең” жана “Кыргызстан – Эгемендүүлүк жылдарында” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулат. Майрам күнү Ала-Тоо борбордук аянтында жана Курманжан Датканын эстелигинин жанында кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда жана Маданият, туризм башкармалыгынын күчү менен даярдалган чоң программадагы концерт берилет.
 
Ал эми шаардын эски аянтында спортчулардын, акробатттардын, гимнасттардын чеберчилиги көрсөтүлөт.
 
Майрам күнү Бишкек шаардык ИИББ жана Өрт өчүрүү кызматы тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн иш-чаралар алынып барылат.
 
Салтка айланып калгандай, майрамдык иш-чаралар саат 21-00до Ала-Тоо аянтында салют атуу менен аяктайт.