ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы И.Өмүркулов Сүйөркулов көчөсүндөгү жол куруу иштери менен таанышып чыкты

Бүгүн шаар башчысы Сүйөркулов (мурдагы Донецкая) көчөсүндөгү жол куруу иштери менен таанышып чыкты.

 

Аталган жолдун узундугу 1,8 км түзөт. Учурда жолдун Совет көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүн кеңейтүү белгиленүүдө.
 
Жол куруу иштерин “Технотоп” ЖЧК жүргүзүүдө. Учурда жол тосмолорун, лотокторду орнотуу, сугаруу тармагын оңдоо жана тышкы жарыктандыруу каражаттарын орнотууга даярдыктар көрүлүүдө.
 
“Биз Сүйөркулов көчөсүндөгү бактарды сактап калуунун үстүндө иштеп жатабыз. Жол төрт катарлуу болуп, эки тарабынан сугаруу арыктары салынат. Тротуардын туурасы 2,25 метрди түзөт. Быйылкы жылы жолдорду оңдоо боюнча көлөмдүү иштер аткарылууда. Курулуш мекемелери иштин мындай көлөмүнө даяр эмес болуп жатышат. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 45 км жол оңдолмокчу”,- дейт И.Өмүркулов.
 
Сүйөркулов көчөсүндөгү жол куруу иштерин сентябрь айынын аягында октябрь айынын башында аяктоо белгиленүүдө.