ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы соода объекттерин көзөмөлгө алууну күчөтүүдө

Учурда шаардын жаңыдан реконструкцияланган Чапаев көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы соода объекттерин алып салуу иштери жүргүзүлүүдө.

 

Алынган павильон Айни, Ахунбаев, Чапаев көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.
 
Ленин райондук администрация башчысынын айтымында, павильон түнкү мезгилде,  уруксатсыз орнотулган. “Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз орнотулган жеңил конструкциядагы соода объекттерин орнотууга жол бербейт”,- дейт А.Өмүрбекова.
 
Чапаев көчөсүндөгү жол жакында эле оңдолуп, реконструцияланган, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, көчөдө мыйзамсыз жайгаштырылган павильондор алынып салынган.
 
Ошондой эле, жакында Батыш автобекетинде мыйзамсыз орнотулган соода объекти алынып салынды.
 
Бул багыттагы иш-чаралар Орто-Сай базарында да жүргүзүлүүдө.