ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада кайыр тилеген, туруктуу жашаган жери жок адамдарды жана кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасы боюнча, баш калаада 14-августан баштапкайыр тилеген, туруктуу жашаган жери жок адамдарды жана кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейддер жүргүзүлүүдө.

 

Рейддер Бишкек шаарынын мэриясынын жана шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлүүдө.
 
Өткөрүлгөн рейддердин жүрүшүндө 149 кайыр тилеген адам аныкталды. Алардын 120 Бишкек шаарынын ИИББнын бөлүштүрүүчү бөлүмүнө жеткирилди. 29 адам менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
 
Аныкталган адамдардын 9 жакынкы чет өлкөлөрдүн жарандары, алардын 6 Кыргыз Республикасынан чыгарылды.
 
21 балалуу аялдар менен Бишкек шаарынын ИИББда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алар медициналык кароодон өткөрүлдү.
 
Рейддер күн сайын өткөрүлүп турат, негизинен кайыр тилеген адамдар соода түйүндөрүндө кездешүүдө.
 
Мындан ары рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.