ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Сельсоветская жана Мукаш Абдраев көчөлөрү тышкы жарыктандыруу берилди

Сельсоветская жана Мукаш Абдраев көчөлөрүнүн тургундары үчүн кубанычтуу окуя болду.

 

Ленин райондук администрациясынын жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен аталган көчөлөргө тышкы жарыктандыруу берилди

.

Акыркы жыйырма жылдан бери бул көчөлөрдө тышкы жарыктандыруу болгон эмес. Жарыктандырылган көчөлөрдүн жалпы узундугу 1 км 700 м. түзөт. 130 электр таянычтары  оңдолуп, электр чубалгылары алмаштырылды жана энергия үнөмдөөчү лампалар коюлду.
 
“Көчөлөрдү тышкы жарыктандыруу менен камсыз кылуу, “Коопсуз шаар” программасынын алкагындагы актуалдуу маселе”,- деп эсептейт Ленин райондук администрация башчысы А.Өмүрбекова.
Ошону менен бирге район жетекчиси келечектеги пландар жөнүндө ой бөлүштү. Учурда бул көчөлөргө балдардын спорт, эс алуу аянтчаларын уюштуруу маселеси каралууда, жылдын аягына чейин аларды ачуу белгиленүүдө. “Сельсоветская жана Абдраев көчөлөрүндөгү турак-үйлөрдү борбордук канализацияга кошуу, жолдорду реконструкциялап, оңдоо маселелери да каралууда”,- деп кошумчалады аким.
 

Ленин районунун “Арча-Бешик” конушунда балдар аянтчасы ачылды. Жылдын аягына чейин дагы 7 балдар аянтчалары ачыларын эске сала кетебиз.