ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

СЭИ кызматкерлери кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, «Юнис Курулуш» курулуш компаниясына таандык,  JAC үлгүсүндөгү 2465 SA мамлекеттик номерлүү бетон аралаштыруучу унаа, шаардын Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүндө жол үстүнө аралашма суюктугун төккөн фактысын аныкташты.

 

Ошондой эле, Жибек Жолу проспекти, 587 дарегинде  жайгашкан тигүү цехинин кургак таштандыларды чыгаруу боюнча “Тазалык” муниципалдык ишканасы менен 2013-жылга түзүлгөн келишими жок болуп чыкты. Цехтен иштелип чыккан таштандылар баш аламандыкта жыйналат жана айланасы антисанитардык абалда кармалат.
 
Рейддин жыйынтыгы менен «Юнис Курулуш» курулуш компаниясынын айдоочусунун жана тигүү цехинин ижарачысынын атына КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренсине ылайык протоколдор түзүлүп, Биринчимай райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.