ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчимай районунда 6 имаратка тышкы жарыктандыруу орнотулду

Шаардагы административдик жана турак-жай имараттарынын тышкы жарыктандыруусун жакшыртуу максатында Биринчимай районунда иштер кызуу жүргүзүлүүдө.

 
Бул багыттагы иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык жана Шанхай кызматташтык уюмунун 13-кеңешмесин өткөрүү боюнча иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө.
 
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан белгиленген он төрт объектинин алтоосуна  тышкы жарыктандыруу орнотулду.
 
Мындан тышкары, райондук администрация тарабынан 19 чарба субъектилери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Алардын ичинен:  «Ала-Тоо» кино театрында, «Империя плова» кафесинде, «Ак-Буура» кафесинде, «Ала-Тоо», «Казахстан» мейманканасында, «Телеграф» кафесинде, БУУ үйүндө, «Ретро-Метро» эс алуу борборунда, Тынчтык проспекти жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдө тышкы жарыктандыруу иштери аяктады.
 
Учурда тышкы жарыктандыруу иштери улантылууда.