ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Санитардык-экология кызматы кезектеги санитардык текшерүүлөрдүн жыйынтыгын маалымдайт

 

 

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө СЭИ кызматкерлери Тыныстанов көчөсү, 2 а/1 дареги боюнча жайгашкан курулуш компаниясынын айланасындагы санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелерин аныкташты.

 
Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш компаниясынын тегереги антисанитардык абалда кармалып, курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйналары аныкталды.
 
Рейддин жыйынтыгы менен КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык курулуш компаниясынын башкы директорунун атына протокол толтурулуп, Октябрь райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.
 
Санитардык талаптарды бузуу “Эльдарадо” эс алуу борборунда да аныкталды.
 
Ленин району боюнча жүргүзүлгөн санитардык рейддин жүрүшүндө Жунусалиев көчөсүндө жайгашкан Эльдарадо” эс алуу борборунда да санитардык ченемдердин бузулушу аныкталды.
 
Эс алуу борборунун айланасына кургак тирилик таштандылары баш аламандыкта жыйналып, антисанитардык абалда кармалат.
 
Рейддин жыйынтыгы менен КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык «M-Terrace» ЖЧКнун директорунун атына протокол толтурулуп, Ленин райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.