ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте “Компьютер генийлери” аттуу рейд өткөрүлөт

Баш калаанын Октябрь райондук администрациясы жашы жете элек балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында “Компьютер генийлери” аттуу рейд өткөрөт.

 
Рейддик иш-чаралар 15-августта саат 20-00дон баштап өткөрүлөт. Райондун 6, 7-кичи райондорун жана башка компьютердик клубдарды текшерүү белгиленүүдө.
 
Рейддик иш-чараларга райондук администрациянын, укук коргоо органдарынын, балдар иштери боюнча комиссиянын, социалдык коргоо органдарынын жана башка кызматтардын өкүлдөрү катышат.