ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шаардык транспорт системасын өнүктүрүүнү изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын бет ачары болуп өттү

 

Баш калаада Бишкек шаардык транспорт системасын өнүктүрүүнү изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын бет ачары болуп өттү.

 

Иш-чарага шаар башчысы И.Өмүркулов, Кыргызстандагы Япониянын, Беларусянын, Кытайдын, Түркиянын, АКШнын элчиликтеринин, эл аралык уюмдардын, президенттин аппаратынын, өкмөттүн, министрликтердин өкүлдөрү катышты.
 
Өз сөзүндө И.Өмүркулов: “ Көз карандысыз Кыргызстандын тарыхында шаардын транспорт системасын комплекстүү изилдөө биринчи жолу жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдү жүргүзүү Япония өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрүлдү. Бул өлкөнүн адистери Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте, эки жылдан ашык убакыт Япондук эл аралык кызматташтык агенттиги колдогон (JICA) долбоордун алкагында изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы шаарыбызды мындан ары өнүктүрүүдө өтө баалуу”,- деди.
 
Изилдөөлөрдүн алкагында жол кыймылын жакшыртуу, жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо, светофорлордун иштөөсү боюнча көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү жана алар шаардыктар тарабынан жогорку баага ээ болушту.