ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылдын 13-августунда шаар боюнча мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 56 бирдиги алынып салынды

2013-жылдын 13-августунда Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти “Тазалык” муниципалдык ишканасы жана Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү менен биргеликте Чүй проспекти, Москва, Некрасов, Гагарин, Кулиев көчөлөрү боюнча жайгаштырылган мыйзамсыз жана эскирген тышкы жарнамаларды алуу боюнча рейд өткөрдү.

 
Рейддин жыйынтыгы менен мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 56 бирдиги алынып салынды:
 
Кермелер                               28 бирдик;
Панно                                    10 бирдик;
Штендер                                12 бирдик;
Илинме такталар                  2 бирдик;
Кронштейн                           4 бирдик.
 
Рейддер Бишкек шаарынын мэриясынын 04.08.2008-жылдагы “Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшү боюнча чараларды жакшыртуу жөнүндө” №342-токтомунун негизинде жүргүзүлөт.