ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жол куруу иштерин текшерүүдө шаар башчысы Сүйөркулов көчөсүндөгү иштер менен таанышып чыкты

 

 

Шаардын Сүйөркулов (мурдагы Донецкая) көчөсү боюнча жол оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 2-августунда башталган. Курулуш иштерин  Евгений Тимощенко жетектеген “Технотоп” ЖЧК жүргүзүүдө.

 

Жолдун жалпы узундугу 1,8 км, туурасы 7-9 м түзөт. Жолдун туурасын 4 катарлуу кыймылды камсыз кылуу максатында 15 м чейин кеңейтүү белгиленүүдө.
 
Азыркы учурда жол катмары асфальт төшөөгө даярдалууда. Жолго эки катмарлуу асфальт төшөлүп, тротуарлар жана сугаруу тармактары оңдолот. Курулуш иштери түрк насыясынын үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүп жатат жана сентябрь айында аяктоо белгиленген.
 
Шаар башчысы Орто-Сай базарына келүүчү жолдордун баардыгы оңдолуп, базардын өзү да көрктөндүрүлөрүн билдирди.
 
Курулуш иштеринин жүрүп жаткандыгына байланыштуу Сүйөркулов көчөсүнүн Юнусалиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыймылы чектелген.
 
Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.