ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардагы жол куруу иштерин текшерүүдө

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы жакында жол кыймылы ачылган Гагарин көчөсүнүн Тынчтык проспектисине чейинки бөлүгүндө болду. Гагарин көчөсү боюнча жолду оңдоо иштери беш тилкеге бөлүнүп, реконструкциялоо этаптуу жүргүзүлүүдө деп белгиледи шаар башчысы.

 

Андан кийин шаар башчысы жана журналисттер тобу Чапаев көчөсүнүн Толстой көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө болушту. Бул жерде 2,5 км узундуктагы жол оңдолуп, жол кыймылы ачылды.
 
Ал эми Чапаев көчөсү көчөсү боюнча тротуарлар реконструкцияланып, тосмолор орнотулуп, сугаруу тармактары оңдолууда.
 
Текшерүүнүн жүрүшүндө, шаар башчысы жана журналисттер, Чапаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан сквердин абалы менен таанышып чыгышты.  Сквердин жалпы аянты 3 га түзөт.
Сквер 1999-жылы жеке фирмага мөөнөтсүз пайдаланууга берилген.
Шаар башчысы скверди шаарга кайтаруу боюнча маселени карап чыгуу тапшырмасын берди жана скверди көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштери талап кылынарын белгиледи.