ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын кезектеги кеңешмесинде Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин жетекчилигине сөгүш жарыяланды

Бишкек шаарынын мэриясынын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө, шаар башчысы Иса Өмүркулов, балдардын спорт аянтчаларын уюштуруу иштерине тиешелүү көңүл бурулбагандыгы үчүн Бишкек шаардык дене-тарбия жана спорт комитетинин жетекчилигине сөгүш жарыялады.

 

Ошону менен бирге И.Өмүркулов балдардын спорт аянтчаларын уюштуруу, алардын айланасын тартипке келтирип, көрктөндүрүү иштерин август айынын аягына чейин аяктоо боюнча тиешелүү адамдарга тапшырма берди жана аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун катышуусу менен текшерүү жүргүзүлөрүн белгиледи. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан баардык иштер жана аракеттер калк арасында сергектикти, массалык спортту пропагандалоого багытталгандыгын кошумчалады.
 
Азыркы учурда Бишкек шаары боюнча 776 балдардын спорт аянтчалары бар. Анын ичинен: Октябрь районунда 223, Биринчи май районунда 168, Ленин районунда 140, Сведлов районунда 235.