ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыгын маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык кызматы тарабынан шаардын Ленин району боюнча кезектеги санитардык рейд өткөрүлдү.

 

Рейддин жүрүшүндө, Жибек-Жолу проспекти, 416 дарегинде жайгашкан “Баласаруу” кафесинин кызматкерлери тарабынан жолдун унаа кыймылы жүргүзүлчү бөлүгүнө кургак тиричилик таштандыларын таштоо жүргүзүлөт.
 
Ошондой эле Циалковский көчөсү, 98 дарегинде жайгашкан Көркөм сүрөт академиясынын кызматкерлери тарабынан кургак жана курулуш таштандылары Айни көчөсүндө ташталат.
 
Бул шаарды көрктөндүрүү эрежелерин одоно бузуу болуп саналат.
 
Рейддин жыйынтыгы менен “Баласаруу” кафесинин ижарачысы З.Насырованын жана Көркөм сүрөт академиясынын жетекчилигинин атына Кыргыз Республкасынын “Административдик жоопкерчилиги жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протоколдор толтурулуп, Ленин райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.