ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын дарылоо мекемелеринин санитардык абалын жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү

Бишкек шаарынын дарылоо мекемелеринин санитардык абалын жакшыртуу жана көрктөндүрүү боюнча шаар башчысы Иса Өмүркуловдун тапшырмасын аткаруу максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Саламаттык сактоо департаменти тарабынан комиссия түзүлгөн.

 

2013-жылдын 2-августунда Бишкек шаарынын вице-мэри А.Усубакунова жетектеген жана Саламаттык сактоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган комиссия рейд өткөрдү.
 
Текшерүү жүргүзүлгөн саламаттык сактоо мекемелеринин айланасынын санитардык абалы жана көрктөндүрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге вице-мэр тарабынан эскертүүлөр берилип, аларды жоюу боюнча мөөнөттөр көрсөтүлдү.