ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Казахстан Республикасынын “Нур Отан” элдик-демократиялык партиясынын “Жас Отан” жаштар канатынын өкүлдөрү менен жолугушту

Өз сөзүндө шаар башчысы Кыргызстан менен Казахстандын ортосундагы кош тараптуу мамилелердин эзелтеден бери өнүгүп келе жаткандыгын белгиледи.
 
“Эки өлкөнүн элдеринин маданияттарынын, салттарынын окшоштуктары биздин элдерибиздин ортосундагы мамилелердин тарыхый өзгөчөлүктөрү болуп эсептелет. Кыргызстан менен Казахстандын ортосундагы мамилелер дайыма бир туугандыкта болгон. Ал эми бүгүнкү жолугушуу биздин өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы мамилени чыңдайт. Биздин жаштарыбыз шаардын турмушуна активдүү катышуу менен шаар бийликтеринин ишмердигин да активдүү сынга алып келет. Алардын жаңы, прогрессивдүү идеяларын эске алуу менен биз аларды шаар турмушуна активдүү катыштырып келебиз. Бул жолугушуу эки өлкөнүн жаштарынын өз ара тажырыйба алмашуусуна жакшы шарттарды түзөт”,- деди Иса Өмүркулов.
 

Ошону менен бирге шаар башчысы меймандарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.