Новости района

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев орозо айт майрамы менен куттуктоосу

Ардактуу момун мусулмандар! 
Баарыңыздарды мусулман дүйнөсүндөгү ыйык майрамдардын бири-касиеттүү Орозо айт майрамыңыздар менен чын дилден куттуктаймын!
Орозо тутуу - бул тазаланууга, кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулуу менен араздашкандар жарашып, ата-эненин, жакындардын, оорулуу менен карылардын  ал-акыбалын сурап коюу ар бир бардар мусулмандын милдети.
Сиздерди ак ниеттүүлүккө, кең пейилдүүлүккө, ырайымдуулукка  чакырган Орозо айт майрамыңыздар менен  куттуктап, баарыңыздарга чың ден-соолук,  үй-бүлөлүк  бакубат турмуш каалайм.
Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!
Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун.
Айтыңыздар маарек  болсун!