ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы жол-курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоону талап кылууда

Бүгүнкү өткөрүлгөн кеңешмеде, шаар башчысы Иса Өмүркулов, жол-курулуш иштерин өз убагында аткарбагандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилигине сөгүш жарыялады.

 

Бишкек шаарынын мэри жол-курулуш иштерин белгиленген мөөнөттө аякташ үчүн баардык аракеттерди кылууну талап кылды.
 
Азыркы учурда Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан шаардын төмөндөгү көчөлөрүндө жол-курулуш иштери жүргүзүлүүдө:
 
Жайыл Батыр көчөсү боюнча Бах көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин;
 
Чортеков көчөсү боюнча Сухе-Батор көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейин;
 
Өгүз-Ата көчөсү боюнча Ашар көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;
 
Алыкулов көчөсү боюнча Өгүз-Ата көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейин;
 
«Келечек» конушунун Борбордук көчөсү боюнча;
 
«Алтын-Ордо» конушуна карай Виноградная көчөсү менен өтчү көпүрө.
 
Учурда жол-курулуш иштеринде 7 курулуш бригадасы иштешүүдө.