Cүйөркулов көчөсүн реконструкциялоо иштери башталды
- Подробности
- Опубликовано 05.08.2013 11:36
Үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Сүйөркулов (мурдагы Донецкая) көчөсү боюнча жол оңдоо иштери башталды. Жолдун жалпы узундугу 1,8 км., туурасы 7-9 метрди түзөт. Жолдун туурасын 15 метрге чейин кеңейтип, унаа кыймылын 4 катарлуу кылуу белгиленүүдө.
Азыркы учурда жол кыртышын асфальт-бетон төшөөгө даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Жолго эки катмарлуу асфальт-бетон төшөлүп, сугаруу тармактары оңдолот жана көчөнү тышкы жарыктандыруу иштери жүргүзүлөт.
Жолду реконструкциялоо иштери октябрь айында аяктайт.
Сүйөркулов көчөсүн реконструкциялоо түрк насыясын үнөмдөө каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.
Сүйөркулов көчөсүндө жол курулуш иштеринин жүрүшүнө байланыштуу Юнусалиев көчөсүнөн Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол кыймылы чектелүүдө. Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген оңтойсуздуктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
18.04.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |