ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Усубакунова шаардын билим берүү мекемелеринин жаңы окуу жылына даярдыгы менен таанышып чыкты

Жаңы окуу жылынын башталышына чейин шаардын баардык билим берүү мекемелери имараттарды оңдоодон өткөрүп, окуу жайларга тиешелүү аймактарды көрктөндүрүп чыгышы зарыл. Аталган маселе боюнча өткөрүлгөн рейддин жүрүшүндө айрым билим берүү мекемелеринде иштер алгылыктуу жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленди.

 

Окуу жылынын башталышына саналуу гана күндөр калса дагы оңдоо жана көрктөндүрүү иштери талапка жооп бербейт. Рейддин жыйынтыгы менен шаардын айрым мектеп директорлоруна сөгүш жарыяланды.

 

А.Усубакунова бул багытта иштер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын билдирди.
 
“Эгерде тиешелүү мөөнөттө мектептердин имараттары оңдоодон өткөрүлүп, айланасы көрктөндүрүлбөсө, билим берүү мекемелеринин айрым жетекчилери менен кош айтышууга туура келет. Ушул эле багытта саламаттык сактоо мекемелери менен да тиешелүү иштер жүргүзүлөт”,- деп кошумчалады вице-мэр.